Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы тандалды

Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (алдамчылык,башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу) боюнча айыпталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын тандады.

Икрамжан Илмиянов сотко алып келинди. Видео
Сот айыпталуучуну 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

Икрамжан Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу) боюнча айыпталып жатканы маалым болду. 

Ал эми жактоочу Сергей Слесарев айыпталуучу мыйзамсыз кармалганын айтты. 

"166-берене боюнча иш козголду. Бирок мен анын мазмуну боюнча азырынча эч нерсе деп айта албайм. Жаңы эле бул ишти алгандыктан тагылган айып, берене менен таанышып чыгышым керек. Негизи мыйзамсыз кармашты. Бат эле айып тагылып, баш коргоо чарасы тандалып калды. Буга чейин айыпталуучуга чакыруу кагазы келген эмес. Кечээ кармалып, бүгүн УКМКга алып келинди. Эмне себептен мынчалык тез болуп кетти билбейм", — деди Слесарев.

Эске салсак, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча өкүм чыгарган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө. Илмиянов Россиянын аймагында кармалып, Бишкекке алып келингени тууралуу ишемби, 20-октябрда белгилүү болду.