БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте Mazda автоунаасынын айдоочусу кызды коюп кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 20-октябрда эртең менен саат 9:30дар чамасында Курманжан датка менен Славян көчөсүнүн кесилишинде болгон.
"Кыз эсин жоготту, айдоочу анын жанында турган. Милициянын машинасын да көрдүм", — деди күбө.
Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, жабыркаган кыз ооруканага жеткирилгенин билдирди.