Заманбап мектептердин эскизи коомдук талкууга коюлду. Сүрөт

Конкурска жалпысынан 24 долбоор түшүп, атайын комиссия эң жакшы делген 5 долбоорду тандап алды. Эми алар жети күн бою коомдун талкуусунда болот.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги замандын талабына жооп бере турчу мектептерди куруу боюнча долбоорлоого конкурс жарыялап, анда тандалган 5 долбоорду коомдук талкууга койду. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди. 

1 / 3
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги замандын талабына жооп бере турчу мектептерди куруу боюнча долбоорлоого конкурс жарыялап, анда тандалган 5 долбоорду коомдук талкууга койду.
2 / 3
Ага ылайык, 225 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүү мектебинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча республикалык конкурс жарыяланган.
3 / 3
Анын башкы максаты мектептердин жаңы архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат.

Ага ылайык, 225 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүү мектебинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча республикалык конкурс жарыяланган. Анын башкы максаты мектептердин жаңы архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат.

Конкурска жалпысынан 24 долбоор түшүп, атайын комиссия эң жакшы делген 5 долбоорду тандап алган. Эми алар жети күн бою коомдун талкуусунда болот.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги эскиз долбоорду талкуулоого катышууга чакырат.