Окумуштуулар өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолун табышты

Адистер витаминдердин ролу абдан чоң экенин айтышат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШдагы Окленд илимий-изилдөө борборунун окумуштуулары сапаттуу жашоо менен узак өмүрдүн сырын ачты. Бул тууралуу MedicalXpress порталына шилтеме берип lenta.ru сайты жазды.

Адистердин айтымында, организмде витаминдер менен минералдык заттардын керектүү көлөмдө болушу өмүрдү узартууга жардам берет.

"Биз маани бербегенибиз менен витаминдердин ролу абдан чоң. Мисалы, D, омега-3 витаминдери кат-тамырлардын ишин жакшыртып турса, К витамини артерия ткандарын бекемдейт. Бул жүрөк жана кан тамыр ооруларынан капилет өлүп калуудан сактайт", — деп жазылат макалада.

Ал эми организм витаминдердин аз же көп экенине карабай, аны кыймыл-аракетке кеткен энергия менен кошо жумшап жиберет. Мындай учурда запаста витаминдер калбай калып, организм ар кандай илдеттерге тез эле баш ийип берет.