Анара Мамбеталиева кайра Мамэкотехинспекцияда иштемей болду

Мамбеталиеваны мыйзамсыз жумуштан кетирген буйрук жокко чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматынан алынган маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мурунку жумушуна кайра кайтып келмей болду. Бул боюнча буйрук чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү кабарлады.

Анын айтымында, Мамбеталиеваны мыйзамсыз жумуштан кетирген буйрук жокко чыгарылган.

"Менин коррупция менен күрөшүмдүн жыйынтыгы акырындык менен жемишин берип келе жатат, бирок толук түрдө эмес. Себеби инспекцияда коррупцияга тиешеси бар делген адамдар дагы деле иштөөдө", — деди Мамбеталиева.

Экотехинспекцияда иттин өлүгү жатабы? Комиссия бир топ мыйзам бузууларды тапты
Маалымат катчы эртең, 19-октябрдан тарта, жумушка чыга баштай турганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыккан. Ал чындыкты издеп жатып, кайра эч бир ишке орношо албай тургандай берене менен айдалганын билдирген. Мындан сырткары, Мамбеталиева "өмүрүм коркунучта" деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Көп өтпөй өлкө башчы анын кайрылуусуна көңүл буруп, коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган.