Министр Чыңгыз Айдарбеков ишти эмнеден баштай турганын айтты

Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри кызматына 17-октябрь күнү дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков биринчи кезекте ишти дипломатиялык кызматты реформалоо жана министрликтин ишмердүлүүгүн оптималдаштыруудан баштай турганын айтты.

Депутат ТИМ башчысына талапкер Айдарбековду англисче сүйлөшүп сынады. Видео
Өкмөттүн маалыматы боюнча 17-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жетекчини ТИМ жамаатына тааныштырган.

Эскерте кетсек, буга чейин министрликти жетектеп келген Эрлан Абдылдаев 12-октябрь күнү кызматынан кетип, өкмөт башчы аталган кызматка Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштаган. Парламенттин колдоосунан кийин ал президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматка бекиген.