Өкмөт башчы ТИМ башчылыгына эмнеге Айдарбековду сунуштаганын айтты

Өкмөт башчы министрликке сунушталып жаткан Айдарбеков Японияга элчи болуп дайындалгандан бери дал ушул мамлекет менен болгон байланыш чыңалганын белгилеп, ушул жагдай да эске алынганын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар тышкы иштер министри кызматына сунушталган Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап жатышат.

Учурда Кыргызстанда 61 соттун орду бош турат
Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү депутаттарга тааныштырды. Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлиги маанилүү орган экенин айтып, мекеме мамлекеттин тышкы жана ички саясатына чоң таасир тийгизе турганын белгиледи.

Абылгазиев ошондой эле Айдарбеков 20 жылдан бери дал ушул тармакта эмгектенип, анын төрт жылын Жогорку Кеңештин тышкы байланыштар бөлүмүндө иштегенин кошумчалады. Өкмөт башчы министрликке сунушталып жаткан Айдарбеков Японияга элчи болуп дайындалгандан бери дал ушул мамлекет менен болгон байланыш чыңалганын белгилеп, ушул жагдай да эске алынганын кошумчалады.

"Жаш курагына карабай элчилердин арасында абройлуу кадр катары таанылды. Колдоп берсеңер силердин ишенимди актаганга аракет кылабыз", — деди Абылгазиев.

Тергөө сотторунун айлыгы канча экени айтылды
Депутат Ирина Карамушкина Айдарбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетитинде каралбаганын айтып, эмнеге дароо жалпы жыйынга чыгарылып жатканына кызыкты. Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков Айдарбековдун талапкерлиги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде каралганын, мыйзам боюнча дал ушул комитет карашы керектигин айтты.

Ал эми талапкер Чыңгыз Айдарбеков ага министрлик кызмат сунушталат деп күтпөгөнүн билдирди. Ошондой эле ал Японияда элчи болуп иштеп турган учурда 95 миллион долларга чейин инвестиция тартылганын белгиледи.