БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунда гана беттешке чыгууну улантат. Бул туурасында уюмдун башчысы Дана Уайт TMZ Sports басылмасына берген маегинде билдирди.
Ал мушкер менен ар дайым жакшы мамиледе болуп келгенин белгилеп өткөн. Ал эми жаңжалга катышканы үчүн UFC уюмунан четтетилет деп жаткан Нурмагомедовдун командасындагы Зубайра Тухуговдун келечеги тууралуу так кесе жооп айта алган эмес.
"Тухуговдун келечеги эмне болот? Аны азырынча билбейм. Биз бул маселени талкуулай элекпиз", — деп айткан Уайт.
Кийин Нурмагомедов Макгрегордун командасы анын динине, үй-бүлөсүнө жана мамлекетине асылгандыктан ушундай кадамга барганын түшүндүрдү. Окуядан кийин комиссия иликтөө бүткөнгө чейин деп Хабибдин эки миллион долларлык сый акысын тоңдуруп койгон.
Андан соң UFC президенти Дана Уайт уюмдун мушкери Зубайра Тухугов менен түзүлгөн келишими калыбына келгис болуп бузуларын айткан.
Мунун натыйжасында россиялык мушкер UFC уюмун сынга алып, аны менен келишимди үзүп салышы мүмкүн экенин билдирген.