ТИМдин мурдагы жетекчиси Абдылдаевдин кызматтан кетишинин себеби айтылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрдин иштен кетишине эки себеп бар экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев эмнеге кызматтан кеткенин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден сурады.

Учурда депутаттар тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап жатат.

Өз кезегинде Абылгазиев Абдылдаевдин кетишине эки нерсе себеп болушу ыктымалдыгын айтты.

"Ал кишинин кетишине биринчиден коомдо талкуу болуп жаткан маселелер түрткү болду деп ойлойм. Аны коррупцияга малынды деп айта албайм, себеби учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Экинчиден, ал киши моралдык жагын да карады. Дипломат, мамлекеттик кызматкер катары өзү иштеп жаткан министрликте айтылган ушак-айыңдарды эске алды. Тартип көргөн мамлекеттик кызматкер катары кетти деп ойлойм", — деди премьер.

Эл өкүлү Абдылдаев алты жыл ичинде өзүн элчи, министр катары жакшы көрсөткөнүн белгилеп, мамлекет башчысы тарабынан элчилик кызматтар сунушталса деген оюн айтты.

Эскерте кетсек, буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз ыктыяры менен кызматынан кеткен