БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ири державаларга элчи дайындоодо талапкерлерди дыкаттык менен тандоо керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ал мисал катары Кыргызстандын Америка Кошмо Штатындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси өзүнүн кызмат ордуна татыктуу эместигин айтты.
"АКШдагы элчи учурда өзүнүн рангына туура келбейт. Мындай элчилердин ишмердигин карап чыгыш керек", — деди депутат.
Эл өкүлү ошондой эле элчи АКШга келип жаткан жарандар менен тыгыз иштебей жатканын кошумчалады.
Сурабалдиева, андан тышкары, Өзбекстанда өкүл жок экенин, анын ордуна Түркияда иштеп жаткан элчи келет деп айтылып жатканын белгилеп, коңшу мамлекет менен учурда экономикалык байланыш жолго коюлуп жаткандыктан иш билги адистерди дайындоону суранды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын АКШдагы элчи кызматын учурда Кадыр Токтогулов аркалап келет. Ал бул жумушка 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган.