Жоголуп кеткен эки кыз менен бир бала Токмоктон табылды

Алар ата-энеси менен урушуп кетип үйдөн кетип калышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жоголуп кеткен туугандар — эки кыз менен бир бала Токмоктон табылды. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Москвада жоголуп кеткен кыргызстандык бир сутка бою изделди
Маалыматка караганда, жоголуп кеткен 18 жаштагы Султанов Ырысбек Максуталиевич менен 19 жаштагы Максуталы кызы Альбина бир тууган болсо, 17 жаштагы Канат кызы Алина алардын жакын тууганы болот.

Алар 17-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Жоголду делген балдар алынган маалыматтар боюнча Токмокто табылды. Алар жашаган жерин такай алмаштырып турушкан. Учурда үчөө тең туугандарына тапшырылды. Укук коргоо органдарынын алдын ала берген маалыматы боюнча алар ата-энеси менен урушуп кеткенден кийин үйдөн кетип калышкан.