Ханзада Гарри менен Меган Маркл жакында балалуу болот

Алар быйыл 19-майда баш кошкон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл бала күтүп жатканын Кенсингтон сарайынын Twitter баракчасына жарыяланды.

Елизавета экинчинин небереси официантка турмушка чыкты
Маалыматка ылайык, жубайлар келе жаткан жаз айларында бала жыттап калышат. Учурда алар Австралияда турнеде жүрүшөт.

Буга чейин Ok! Magazine журналы сырткы бетине Меган Марклдын ичи чыгып турган сүрөтүн жарыялап, ал эгиз балдарды күтүп жатканын жазышкан. Бирок бул маалымат расмий түрдө төгүндөлүп же ырасталган эмес.

Эске салсак, канзада Гарри менен Меган Маркл быйыл 19-майда үйлөнүшкөн.