Акча издеп, ажал тапкан мигранттар. Жүк-200дү алып келүү канткенде жеңилдейт

Россияда эмгектенип жүргөн кыргыздар каза болуп калса сөөгүн мекенине жеткирүү чоң түйшүк. Өлүкканадан чыгарып учак менен алып келүүгө 50 миң рубль, алыскы шаарлардан ташууга 200 миң рубль талап кылынат. Жакындары акча таппай калганда бөтөн жерге көөмп койгон учурлар да кездешери айтылат.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги Россияга акча издеп барып ажал тапкан мекендештердин сөөгүн алып келүүдөгү көйгөйлөргө баам салып, маселени жеңилдетүүгө көмөктөшүү жолун издеди.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Санкт-Петербургда каза болгон журтташтардын сөөгүн ташуу баасынын кымбатташы боюнча маселе көтөрдү.

Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
Анын билдиришинче 2015-жылы AviaTraffic авиакомпаниясы менен сөөктү мекенине 200 долларга жеткирүү боюнча макулдашылган. Бирок белгисиз себептер менен мекендештер 35 миң рубль төлөп жөнөтүп жатат. Депутат өлүкканадан аэропортко чейин жеткирген аза кызматын көрсөткөн компанияга 20 миң рубль керектелерин айтып, бул жерде ортомчулар акча көрүп жатканын белгиледи. Бул маселени териштирүү боюнча эл өкүлү AviaTraffic компаниясына кайрылуу жибергенин кошумчалады.

Бирок депутат айткан AviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров кепке келбей койду.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Avia Traffic компаниясынын директору менен сүйлөштү

"Биз өлгөн адамдардан акча жасабайбыз. Ортомчулар болуп жатса Санкт-Петербургга барып иликтегиле. Биз токтомдун негизинде ортомчулары жок жакшынакай эле ташып жатабыз", — деп Аскаров мындан ары бул маселе менен башын оорутпоону талап кылды.

Андан сырткары, дагы бир чала турган болсок, журналисттин үстүнөн арыз жаза турганын да айтып, кызаңдады.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча жүк-200дү Россиянын "Урал аба жолдору", "Аэрофлот", S7 жана КРдин AviaTraffic авиакомпаниясы ташыйт. Баарынан баасы бирдей эмес, ар бир компаниянын койгон өз наркы бар.

Сөөк күткөн күйүт, эл чогулткан акча

Ал эми Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кочкорбай Кутунаев сегиз жылдан бери маселе көтөрүп, бирок жыйынтыгы көрүнбөй жатканына нааразы болду.

Түрк лирасынын куну түшүүдө. Кыргызстандык мигранттарга берген таасири кандай
"Жүк-200 жөнөтүүдөгү кыйынчылыктарды президент болобу, премьер-министрби, дайым айтып келебиз. Алар "компанияларга арзандатуу талабын коёбуз, болбосо лицензиясынан ажыратабыз. Мына чечилди, баланчадай мыйзам чыкты" дегени менен баары куру сөз бойдон калууда. Бирөө каза болсо мекендештер чогулткан акчанын жардамы менен сөөгүн Кыргызстанга жөнөтөбүз. Кээде каражат чогулбай эки жумага чейин кармалып калат. Акчасын төлөсөң Россиянын аза кызматтары документтерин бүтүрүп, моргдон бальзамдатып аэропорттон жөнөтүп иет. Мунун акысы 50-60 миң, кээде 80 миң рублга чыгып кетет. AviaTraffic компаниясы "Урал" аба жолдоруна караганда 5-10 миңге арзан", — деди Кутунаев.

Чаткал районунун тургуну Мирхамит Сыдыков былтыр ушул маалда Россиянын Рязань облусунда поезддин алдында калып набыт болгон. Маркумдун эжеси Айбарчын Сыдыкова анын сөөгүн үйдө 15 күн күтүп отурушканын айтты.

"Мына жөнөтөт деп атып эки жолу кармалып калды. Ал жакта туугандарыбыз жок, өзүбүздүн барганга мүмкүнчүлүгүбүз болбоду. Сөөгүн да көрбөй калабызбы деп сыздап жибердик. Балдарынын көкүрөгүндө өмүр бою өксүк болбосо экен деп тиледим. Улгайган ата-энесине угузбадык. Эптеп сөөгү келсе деп Москвадагы активист Улан Кошматовго кайрылдым. Ага 37 миң рубль жөнөтүп, ал да ошол жакта иштеген кыргызстандыктардан акча чогултуп Рязандан Москвага алып келип жөнөттү. Кийин Миграция кызматы компенсация дегенинен барсам "бир-эки документи туура эмес" дешти эле басып кетип калгам. Кайра Бишкекке бара албадым. Ал каражатты беришсе, жетим калган эки баласынын бир керегине жарап калмак да", — деди Сыдыкова.

Мамлекет 50 миң сом компенсация төлөйт

ЖМК: Түркияда кыргызстандык кыздар сексуалдык кулчулуктан бошотулду
Миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев чет жерде каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына мамлекет 50 миң сом компенсация төлөп жатканын билдирди.

Бул башка мамлекетте эмне менен алектенип жүргөнүнөн көз каранды эмес. Өкмөттүн мындай токтому ушул жылдын июнь айынан башынан тарта ишке кирген. Ага чейин эмгек мигранттарына гана чыгымдары төлөнүп турчу.

Алыбаевдин билдиргенине караганда, жыл башынан бери чет өлкөдөн ажал тапкан 132 кыргызстандыктын (Россиядан 119, Түркиядан 7, Казакстандан 3 жана Кореядан 3 адам) жакындарына 5 миллион 870,4 миң сом берилген.

Каражатты төмөнкү документтерди алып барып, үч күндүн ичинде алууга болот.

— Өлгөндүгү тууралуу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн документ;

— Акчаны ала турган адамдын паспортунун көчүрмөсү;

— Анын маркум менен туугандыгын тастыктаган документ.

Сөөк ташуу түйшүгү канткенде жеңилдейт?

Мигранттар менен иш алып барган "Замандаш" партиясынын төрагасы Жаңиш Молдокматов ар бир мигранттын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жолу менен маселени чечүүгө болорун айтууда.

"Транспорттун кайсы түрү менен кетпесин, Кыргызстандан чыгып жатканда билетине кошуп камсыздандырууга 300 сом алынат. Толук ишенимдүү болушу үчүн бул ишти мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына жүктөө керек. Эгер бирөө каза болсо компаниянын өкүлдөрү барып, өлүкканадан алып чыгып үйүнө чейин жеткирип берет. Эсептөөлөргө караганда бир жылда 1,5 миллиард сом чогулат экен. Ар жаран бир-эки жылда сөзсүз үйүнө келип кетет. Демек, эки жылдын ичинде мигранттардын баары өмүрүн камсыздандырып бүтөт", — деди Молдокматов.

Ал мындай демилгени Россиядагы мигранттар Толкунбай Акматов, Акбар Маразыков жана Марат Исаевдер көтөрүп чыкканын белгиледи.

Эсил кайран бир боорум! Бир жылда 238 кыргызстандык чет жактан ажал тапкан
"Быйыл жайында мигранттар тегерек стол өткөрүп, андан соң ушул сунушту президентке жеткирдик. Ал тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берген. Жакында бул маселе парламентте каралат. Эгер оң жагына чечилсе, социалдык тармак аркылуу акча чогултуу токтоп, авиакомпанияларга да жалдырамак эмеспиз. Мамлекетке да, элге да пайда болмок. Чет өлкөдө расмий 800 миң, бейрасмий маалыматтар боюнча миллиондон ашуун кыргыз жашайт. Алардын 90 пайызы Россияда. 2017-жылы 350дөн ашуун сөөк келген. Чоң шаарларда 50 миңден башталса, Урал, Сибирь, Якутиядан алып келүү акысы 200 миң рублга жетет", — деди Молдокматов.

Ошондой эле ал каражат табылбай калса, сөөк ошол жакка көмүлүп каларын кошумчалады. Мисалы, үч жыл мурда каза болуп сөөгү калып калган кызды эки ай мурда кайра каздырып, Кыргызстанга алып келишкенин айтты. Сөөктү алып кетүүгө 140 миң рубль керектелип, жалгыз бой энеси 150 миң кредит алган. Бирок каражатын уурдатып жиберип, айласыз отуруп калган.