Боз-Бөлтөктөгү туу айрылып калды. Күбөнүн видеосу

Кечээ кечинде шамал болуп жаан жааган.
Sputnik

Орто-Сай айылынын четиндеги Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан Кыргызстандын туусу тытылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Ноябрь суук болобу? Бир айга карата аба ырайы
Анын айтымында, ал эртең менен тоого барып желектин айрылып калганын көргөн. Видеодон флагштоктун айланасында кар жатканын көрүүгө болот.

Аталган желек 2012-жылы 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына арналып орнотулган.

Бийиктиги 75 метрлик флагшток жана 337 чарчы метрлик туу ошол убактагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен Түркияда жасалып, баасы сегиз миллион сомду түзгөн.

Бабанов премьерликтен кеткенден кийин желек Улуттук банктын балансына өткөрүлгөн.