БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жетишкендиктери үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, төмөнкү спортчуларга "Даңк" медалы ыйгарылды:
Каныбек Жолчубеков — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
Дарья Маслова — жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
Магомед Мусаев — эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
Айсулуу Тыныбекова — аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;
Андан сырткары "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:
Канатбек Арпачиев — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Мейрамбек Ахметов — Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;
Токтосун Камчыбеков — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси;
Ратбек Мамбетов — Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы бир катар кишилерге берилди.
Президенттин Жарлыгы менен медаль жана Ардак грамота алгандардын толук тизмеси менен таанышып алыңыздар.