Жетекчисиз калган Социалдык өнүктүрүү министрлигин ким башкарууда?

Аталган министрликтин жетекчиси үч орун басары менен кызматтан алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчиси орун басарлары менен иштен кеткенден бери мекемеге статс-катчы Каныбек Адиев баш-көз болууда. Министрликтин маалыматын өкмөт дагы тастыктады.

Эске салсак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Түштүк Кореядагы окуясынан кийин кызматтан кеткен.

Ал эми министр Таалайкүл Исакунова мамлекеттин эсебинен чет жакка чыгып турган деп депутат айтып чыккандан кийин иштен алынган. Орун басары Лунара Мамытова жана Жылдыз Полотова да иштен кеткен.