Мекендештерин сабап, тоноп жүрүшкөн. Москвада кыргызстандыктар кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүн Камчы Көлбаевдин тобундагы адам катары тааныштырып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Москвада мекендештерин сабап, тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар Кыргызстанда туулган. Бул тууралуу КР ИИМинен маалымдашты.

Кармалгандар менен жабыркагандар таксомотордук фирмада иштешкен. Акчасын алдыргандар полицияга арыз жазуудан коркуп жүрүшкөн. ИИМден билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүн Камчы Көлбаевдин тобундагы адам катары тааныштырып келишкен.

1 / 3
Москвада мекендештерин сабап, тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
2 / 3
Кармалгандар менен жабыркагандар таксомотордук фирмада иштешкен. Акчасын алдыргандар полицияга арыз жазуудан коркуп жүрүшкөн
3 / 3
ИИМден билдиришкендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүн Камчы Көлбаевдин тобундагы адам катары тааныштырып келишкен.

"КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө белгисиз адамдар Москва шаары менен Москва облусунда Көлбаевдин атын жамынып мекендештерин сабап, тоноп жүргөн адамдар боюнча бир нече ирет маалымат келип түшкөн. Үстүбүздөгү жылдын июль айында аларга укук коргоо органдары тарабынан "күч колдонуу менен тоноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Кайра келбейм деген! Террорчуну КРге киргизди делген чек арачылардын сурагы
Ыкчым-издөө иш аракеттеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алардын сегизи Кыргызстанда туулган. Колго түшкөндөрдүн экөө "МТК" таксомотордук ишканада иштеп, мекендештерине салык салып келген.

Аларга карата кылмыш иштери козголгон бирок баш коргоо чарасына ылайык эркиндикте калып, тоноочулук ишин улантышкан. Кийинчерээк жабыркагандардын бири кылмышкерлер аны тапанча менен коркутканын айтып берген.

"Жабырлануучу унаасын сатып Кыргызстандан Москвага келген. Ал таксомотордук паркка расмий келишими жок ишке орношуп ошол жактан Аскар жана Мадияр деген балдар менен таанышкан. Алар августтун башында жабырлануучуну коркутуп 1600 долларын, паспортун, телефонун жана башка баалуу буюмдарын тартып алган", — деп ИИМден билдиришти.

Аскар менен Мадияр ал жаранды токойго алып барып таксисттердин көзүнчө сабап, башкалар баш ийбесе аларды да ушундай тагдыр күтүп турганын айтышкан.

Кыргызстандын Киевдеги консулунун автоунаасын уурдап кетишти
2018-жылдын октябрь айында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кайрадан эле жабырлануучудан акча талап кыла баштаган. Ал мындай кордукка чыдабай кетип акыры укук коргоо органдарына арыз жазган. Доо арыздын негизинде Аскар менен Мадияр иштеген жер тинтүүгө алынып, тапанча, белги коюлган 10 миң рубль, 54 айдоочулук күбөлүк, кыргызстандык жарандардын 35 паспорту, үч аскер билети менен саат табылган.

Учурда колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эми документтердин ээлерин табуу иштери аткарылууда. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн дагы башка иштерге тийштиги бар-жогу иликтенип жатат.