Бишкекте фитосанитардык логистикалык борбор ачылды. Сүрөт

Борбор бир күндө 500 тоннага чейин айыл чарба продукцияларын сыртка чыгарып, кабыл алат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүн, 15-октябрда, "Дордой-Дыйкан" базарынын базасында түзүлгөн фитосанитардык логистикалык борбордун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

1 / 3
Бүгүн, 15-октябрда, "Дордой-Дыйкан" базарынын базасында түзүлгөн фитосанитардык логистикалык борбордун ачылыш аземи өттү
2 / 3
Фитосанитардык текшерүү пунктунун аянты 300 чарчы метрлик аянтты ээлейт
3 / 3
Борбор карантин киргизилген продукцияларга лабораториялык экспертиза жүргүзүү жана фитосанитардык сертификат берүү кызматтарын көрсөтөт.

Билдирмеге караганда, фитосанитардык текшерүү пунктунун аянты 300 чарчы метрлик аянтты ээлейт.

"Бул борбор бир күндө 60ка жакын чоң жүк ташуучу унааны тейлей алат. Тагыраагы, 500 тоннага чейин айыл чарба продукцияларын сыртка чыгарып, кабыл алат. Бүгүнкү күндө логистикалык борбор Россиянын Москва, Новосибирск, ошондой эле Казакстандын Алматы, Караганда, Шымкент, Астана, Тараз жана Туркестан шаарлары менен кызматташат", — деп айтылат маалыматта.

Борбор карантин киргизилген продукцияларга лабораториялык экспертиза жүргүзүү жана фитосанитардык сертификат берүү кызматтарын көрсөтөт.