Кыргызстанда жер титиреди

Жабыркагандар жана кыйроолор боюнча азырынча маалымат жок.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.

Билдирмеге караганда, жер 14-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:16 чамасында, Оштон түштүк-батышты көздөй 138 чакырым, ал эми Баткенден түштүк-чыгышты көздөй 132 чакырым аралыкта силкинген.

Айылдардын арасынан жер титирөөнүн очогуна Жар-Башы айылы (12 чакырым) жакын жайгашкан.

​"Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жетет", — деп жазылат маалыматта.

Жер силкинүүнү Казакстандын сейсмологдору да катташкан.