Мышыктын балдарына эне болгон сүлөөсүн. Жүрөк элжиреткен видео

Иркутск шаарындагы зоопаркта жашаган бир жарым жаштагы сүлөөсүн кичинекей мышыктарды багууда. Видеодон ал балдарын кантип "тарбиялап" жатканын көрсөңүздөр болот.
Sputnik

Кыймылдаганга дарманы калбаптыр. Африкада турист антилопаны сууруп чыккан видео
Зоопаркта иштегендер сүлөөсүндү Алена деп атап коюшкан. Жаныбардын өзүнүн балдары жок, бирок ал буга чейин жаңы туулган эки мамалакты багып чоңойткон.

Мышыктын балдары сүлөөсүндү өз энесиндей көрүп, айланчыктап жанынан кетпейт. Алена да аларды чанган жок.

Жаныбар балдары менен элге таанымал болуп кеткен. Аны көрүш үчүн шаардыктар балдары менен атайын келишет.