Окутуучулардын арасында 5000 сомго иштегендер да бар. Мындан улам айрымдары каражат табуунун кошумча булагын өздөштүрүп алган.
Айлыктын аздыгынан ар кандай жумушта иштеген мугалимдер туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги материал даярдады.
Тигүүчү
Перизат Таалайбекова Бишкек шаарындагы №85 орто мектепте орус тилинен сабак берет. Жайкы каникулда ал тигүү цехинде иштеп, аз да болсо акча чогултуп алган. Акчанын аздыгынан азыр деле анда-санда түнкүсүн тигүү цехине барып кошумча каражат таап аларын айтты.
Ал "Жаш мугалим депозити" программасына жазылып койгонун да кошумчалап кетти.
Үч баланын энеси Рахат Бердибаева да бир эле убакта мугалим да, тигүүчү да болуп иштейт. Үйүндө өзүнүн тигүүчү машинасы болгондуктан, жолдошу менен кечкисин, дем алыш күндөрү буйрутма алып кийим тигишет.
"Кыргыз тилинен сабак берем. 30 саат менен иштеп, 15 000 сом айлык алам. Бирок балалуу адамга ал жетпейт экен. Анын үстүнө акчанын көбү жол кире, тамак-аш, көрсөтмө куралдарга кетип калат. Студент кезимде тикмечиликти үйрөнүп алгам. Азыр анын пайдасы тийип, дем алыш күндөрү 60 сомдон 10 көйнөк тиксем да күнүнө 600 сомдон таап алам", — деди Обомбаева.
Тамада, алып баруучу
Адилет Амангулов Бишкектин Бакай-Ата конушундагы №85 мектепте информатика сабагынан мугалим. Ага кошумча мектепте лаборант дагы болуп иштеп, баарын кошкондо 8000 сом айлык алат. Бирок бул акча жетпейт деген окутуучу кечкисин тойлордо тамадалык кызмат аткарат экен.
"Сабактарымдын көбү түш ооп калганга чейин бүтөт. Өзүңөр билгендей айлык маяна аз, шаарда болсо баскан-тургандын баары акча. Анан Кудай берген талантым менен кечкисин тойлорго чыгып тамада болом. Бир тойду 100-300 долларга чейин алып барам. Бирок күндө эмес, буйрутмага жараша" — деди Аманкулов.
Информатика мугалими мындан сырткары, YouTube каналына жарыяланган кыргызча маалыматтарга үн коштоп дагы акы аларын кошумчалады.
Дистрибьютор
"Эки жумушту бирдей алып кетүүгө туура келди. Анткени канчалык саатың көп болсо деле акча аз. Анын үстүнө мугалимдердин эмгек тажрыйбасы да кээде маянага таасирин тийгизет. Мындан улам башка жумуш караштырдым. Азыр лицейде бир жумада төрт эле саатым бар. Аныма 1200 сом төлөнөт. Салыштырмалуу суу тазалаган компаниядан көбүрөөк акча чыгат. Мугалимдин айлыгы жакшы болсо ар кайсы жумушта иштебейт элем", — деди Мыктыбеков.
Ырчы
№5 мектеп-гимназияда музыкалык көркөм жетекчи Төрөбек Жыргалбеков мугалимдик кесиптен тышкары кошумча жумушта иштегендердин катарын толуктайт. Ал кез-кезде тойлорго чыгып ырдап акча табарын жашырган жок.
"Мектептен алган айлыгым 8000 сом. Өзүбүздүн аккардеончу, комузчудан турган топ бар, айрым учурда тойлорго чыгып ырдайбыз. Төрт-беш ырыбыз үчүн бир тойдо 3500-6500 сомго чейин табабыз. Кошумча жумуш негизги кесибиме тоскоолдук деле жаратпайт, тескерисинче экөө бири-бирин толуктап турат", — деди Жыргалбеков.
Репетитор
Учурда мугалимдин көбү репетитор болуп да кошумча каражат табышат экен. Алардын бири Жылдыз Кожониязова.
Кожониязова учурда Сокулуктагы №2 орто мектебинде англис тилинен сабак берет. 30 саат алып иштеген окутуучуга айына 13 миң айлык чыгат.
Билим берүү министрлигинин маалыматында, учурда Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң сомду түзөт.
P.S. Айрым мугалимдер макалага сүрөтүн жарыялоодон баш тартты.