ЖМК: Гүлнара Каримованын үйүнөн 38 млн. долларлык азем буюмдар табылды

Тинтүү учурунда өтө сейрек кездешкен баалуу таштар менен шөкөттөлгөн азем буюмдар дагы алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Женева шаарындагы үйүнөн Швейцариянын укук коргоо органдары 38,3 миллион долларлык баалуу таштарды тапты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

АКШ Гүлнара Каримовага каршы санкция жарыялады
Каримованын үйүнөн азем буюмдар менен кымбат сааттар дагы табылган. Укук коргоо органдары менен журналисттер бул буюмдар мыйзамсыз жол менен келген деп боолголошууда. Табылган баалуу нерселердин арасында рубин таштуу шуру жана кызыл бриллиант шакек дагы бар.

2008-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү жана Швейцариянын Женева шаарындагы бир катар эл аралык уюмдарга Өзбекстандан өкүл болгон. 2013-жылы ал дипломатиялык кол тийбестигинен ажыратылып, акчаларды өлкөдөн чыгарып кеткен деп айыпталып, эсебиндеги 800 миллион франк тоңдурулган болчу.

2015-жылы августта ал коррупция беренеси боюнча Өзбекстанда беш жылга чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл октябрь айынын башында Улуу Британия Гүлнара Каримованын мыйзамсыз байлыктарын камакка алуу ниети тууралуу билдирген болчу.