Кыргызстандыктар ноябрь айында беш күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктардын эс алуусу 7-ноябрда башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар ноябрь айында беш күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Окуучулар күзгү, кышкы, жазгы, жайкы каникулдарга качан тарайт? Министрликтин жообу
Ведомстводон билдиришкендей, кыргызстандыктар Сапар Исаков 28-феварлда кол койгон токтомдун негизинде эс алышат.

Ага ылайык, 7-8-9-10-11-ноябрь күндөрү дем алыш болуп эсептелет.

Эске салсак, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган. 9-ноябрь (жума) дагы дем алыш күн болот, бирок кыргызстандыктар ал күндү 3-ноябрь (ишемби) күнү иштеп берет. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туура келет.