Ноокатта жолтандабас май ташуучу унаа менен кагышып 25 жаштагы жигит көз жумду

4 жүргүнчү менен 2 айдоочу ооруканага жеткирилген
Sputnik

ОШ, 10-окт. – Sputnik. Ноокат районунун Шарон айылында Escalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

1 / 3
Ноокат районунун Шарон айылында Escalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду
2 / 3
Окуя 9-октябрда саат 13:30дар чамасында Ош — Исфана жолунун 64-чакырымында катталган
3 / 3
Кырсыктын кесепетинен жол тандабаста бара жаткан 25 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.

Анын айтымында, окуя 9-октябрда саат 13:30дар чамасында Ош — Исфана жолунун 64-чакырымында катталган.

"Биринчи унааны Ош шаарынын 27 жаштагы Э.М. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарын көздөй башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкеге чыкканда күйүүчү май ташыган унаа менен сүзүшкөн. Катуу соккудан улам унаа оодарылып кеткен. Ал эми экинчи унааны Ош шаарынын 27 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну башкарып бара жаткан", — деди Теңизбаев.

Кырсыктын кесепетинен жолтандабаста бара жаткан 25 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Эки машинадагы төрт жүргүнчү менен эки айдоочу аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Ноокат РИИБинин кызматкерлери тиешелүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.