Мырзакматов Мелис Жоошбаевич — өмүр баяны

Мелис Мырзакматов 1969-жылы 18-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган.
Sputnik

Билими:

1995 — Ош технологиялык университетинин "Менеджер" адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1995-1996 — Ички иштер министрлигинин Ош облустук бөлүмүндө сержант;

1996-1997 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Ош шаарындагы инспектору;

1997-1999 — "Коопснаб" ЖЧКсында директордун коммерциялык иштер боюнча орун басары;

2004-2007 — "Элдик демилге" кайрымдуулук фондусунун президенти;

2007 — "Мигрант Сервис" ЖЧКсында директор;

2007-2009 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;

2009-2013 — Ош шаарынын мэри;

Мелис Мырзакматов 2010-жылы "Улуттар биримдиги" партиясын негиздеген. Калаага эстакадалык көпүрөнү курууда коррупциялык жолдорго барган деп кылмыш иши козголуп, 2013-жылдын 5-декабрында Ош шаарынын мэрлигинен бошотулган. Бирок Мырзакматов өлкө аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Соттун өкүмү менен сыртынан жети жылга кесилип, эл аралык издөөгө алынган.