БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанга тоок этинин киргизилишине киргизген чектөөсүн мыйзамсыз деп атады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында айтылат.
Коңшу өлкөнүн тийиштүү министрлиги Алматы облусунда 10 жылдан бери куштардын дарты катталбаганын билдирген. Маалыматка ылайык, куштардын арасында жайылган Ньюкасл оорусу боюнча Түндүк-Казакстан облусунун Айыртау районунда жарыяланган карантин 19-сентябрда алынган.
"Мындан улам Алматы жана Түндүк-Казакстан облустарынан тоок этин жана жумуртка алууга киргизилген чектөө мыйзамга ылайык келбейт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Тийиштүү кат Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлгөнү маалымдалды.