Бишкекке качан жылуулук бериле баштайт? Мэриянын жообу

Акыркы жумада борбор калаада аба ырайы салкындап кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кандай учурда шаарга жылуулук берилерин айтышты.

Акыркы жумада борбор калаада аба ырайы салкындап кеткен.

"Эгер беш күн катары менен сырттагы абанын температурасы +8 градустан жогорулабай койсо, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук берилет", — деп айтышты маалымат кызматтан.

Буга чейин энергетиктер жылуулукту буйрук болору менен берүүгө даяр экенин айтышкан.