Бишкектеги Малдыбаев көчөсү оңдолуп, Түштүк магистралга чыгарылды. Сүрөт

Малдыбаев көчөсүндөгү оңдоо иштери үч ай уланган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Малдыбаев көчөсүнүн Ахунбаевден Түштүк магистралга чейинки батыш бөлүгү оңдолуп, автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, оңдоо иштери үч ай бою жүргүзүлүп, көчө кеңейтилип, Түштүк магистралга чейин чыгарылган. Андан сырткары, тротуарлар оңдолуп, арыктар коюлду. Жалпысынан бир жарым чакырымга жакын жер оңдолгон.

1 / 4
Малдыбаев көчөсүнүн Ахунбаевден Түштүк магистралга чейинки батыш бөлүгү оңдолуп, автоунаалар үчүн ачылды
2 / 4
Оңдоо иштери үч ай бою жүргүзүлүп, көчө кеңейтилип, Түштүк магистралга чейин чыгарылган
3 / 4
Андан сырткары, тротуарлар оңдолуп, арыктар коюлду
4 / 4
Жалпысынан бир жарым чакырымга жакын жер оңдолгон.