БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик фондунун аткаруучу директору болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Сыдыков 1977-жылы Ысык-Көлдүн Ан-Остон айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз мамлекетик улуттук университетинин “статистика” адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук статистика комитетинде адистик кызматынан баштаган. 2003-жылдан 2011-жылга чейин Финансы министрлигинде иштеген. Андан соң ушул күнгө чейин өкмөттүн аппаратында финансы жана кредиттик саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеп жаткан.