БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
Маалыматта ал өз эрки менен кызматын тапшырганы айтылат.
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Лунара Мамытова менен байланышканда ал бул боюнча азырынча комментарий бербей турганын, мунун себебин кийинчерээк түшүндүрөрүн айтты.
Белгилей кетсек, депутат Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызмат абалынан пайдаланып адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө каттатып чет өлкөгө чыгып жүргөнүн айтып чыккан. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп министрликти башкарган адамдар дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын аныктаган. Анда Лунара Мамытовадан да мыйзам бузуулар табылганы айтылган.