Бурулайдын туугандары айыпкерден 2 млн. сом талап кылууда

Айыпталуучулар — Бурулайды өлтүрүүгө айыпталган Марс Бөдөшев менен ала качууга жардам берди делген Акмат Сеитов
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын туугандары соттолуучудан 2 миллион сом жана сөөктү көмүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылууда.

Свердлов райондук сотунда кыз ала качуу фактысы боюнча жыйын өтүп жатат. Анда Бурулайды өлтүрүүгө айыпталган Марс Бөдөшев менен ала качууга жардам берди делген Акмат Сеитовдун иши каралууда.

1 / 2
Киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын туугандары соттолуучудан 2 миллион сом жана сөөктү көмүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылууда
2 / 2
Анда Бурулайды өлтүрүүгө айыпталган Марс Бөдөшев менен ала качууга жардам берди делген Акмат Сеитовдун иши каралууда.

Жабыркаган тарап эки миллион сом компенсация жана Бурулайдын тажыясына сарпталган чыгымды төлөп берүүсүн талап кылууда.

Шаңдуу бийлеп, бөбөктөрү менен ойногон Бурулайдын видеодо калган элеси
Ал эми айыпталып жаткан тарап акчанын чегин сурады.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн.