Өлкө аймагындагы ишкерлер жашыл экономиканы үйрөнөт

Жумалыктын соңунда борбор калаада "Жашыл экономика" форуму уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Төө буурчактын баасы көтөрүлөбү? Таластык дыйкандардын арыз-муңу
Маалыматка ылайык, 15-октябрдан 20-октябрга чейин өлкө аймагында ишкер, өндүрүшчүлөр үчүн атайын окуулар, тегерек столдор жана Бишкек, Ош шаарында көргөзмөлөр уюштурулат. Аны Экономика министрлиги жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте өткөрмөкчү.

Иш-чаранын максаты — жашыл экономика принциптерин калк арасында кеңири жайылтуу. Жумалыктын соңунда борбор калаада бийлик өкүлдөрү менен эксперттердин катышуусунда "Жашыл экономика" форуму да пландалган.