Жайдары жигиттерден кубанган кыздарга чейин. "Күз Деми" марафонунан сүрөттөр

Sputnik

Башкалар мушташ көрсө, булар чаң ызгыта чуркады. Бишкектеги марафондон видео
Жарыш Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда болуп, ага улан-кыздардан тарта улгайган ата-апаларга чейин катышты. Уюштуруучулардын айтымында, жалпы жонунан 1500гө чукул жөө күлүк чуркаган. Иш-чарада 5, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым болуп төрт дистанция коюлган.

Аталган эл аралык марафон ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат. Ал "Жаз Деми" жана "Күз Деми" деп жылына эки жолу болот. 2016-жылы күздө алгачкы жарышка 350гө чукул киши катышкан. Былтыр жазда 900 адам чуркаса, күздө 1200 күлүк ат салышкан. Ал эми быйыл жазда "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында өткөн жарышта катышуучулардын баары 10 чакырымга чуркашкан. 

"Мол Булак Күз Деми — 2018" эл аралык марафонунун спорт менен сергек жашоону жайылтуу максатын көздөгөн "Тонус" фондусу уюштурган.

1 / 13
7-октябрь күнү Бишкекте биринчи ирет "Мол Булак Күз Деми — 2018" эл аралык марафону өткөрүлдү
2 / 13
Күн бүркөө, суук экенине жана жамгырдын себелеп жатканына карабай 1500гө чукул жөө күлүк келип чуркады
3 / 13
Марафон Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда өтүп, ага улан-кыздардан тарта улгайган ата-апаларга чейин катышты.
4 / 13
Жарышта 5, 10, 21,1 жана 42,2 чакырымдык төрт дистанция коюлган.
5 / 13
Марага Кыргызстандын желегин көтөрүп чуркап келген кыз. Ал 5 чакырым аралыкта күч сынашты.
6 / 13
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчылары да чуркады. Сүрөттө марага жакындаганына кубанып келе жаткан Эламан Карымшаков 10 чакырымга жүгүрдү.
7 / 13
Кыргыз калпагын башынан түшүрбөй чуркаган аталарды да көрүүгө болот.
8 / 13
Валентина күйөрмандарынын кыйкырык-сүрөөнүн телефонуна тартып жайдары маанайда келе жатат.
9 / 13
Чуркап келгенден кийин өзүн начар сезип кыйналгандарга жеринде жардам көрсөтүү үчүн бир тез жардам унаасы иштеп жатты.
10 / 13
Уюштуруучулар катышуучуларды кур кол кетирбей, ар бирине медаль тагып узатышты
11 / 13
Бул жарыштын башкы максаты элди сергек жашоо образына үндөө болуп саналат
12 / 13
"Мол Булак Күз Деми — 2018" эл аралык марафонун спорт менен сергек жашоону жайылтуу максатын көздөгөн "Тонус" фондусу уюштурган.
13 / 13
Жакындарына дем берип колдоп келгендер да көп болду.