Конор Макгрегор жеңилгенден кийин үн катты

Макгрегор кайра кайтып келе тургандыгын билдирип, реванш сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиялык Хабиб Нурмагомедовдон жеңилген Конор Макгрегор социалдык тармактагы баракчаларына алгачкы билдирүүлөрүн жазды.

Нурмагомедов менен Макгрегор бүгүн Лас-Вегаста UFC 229 турниринин алкагында чемпиондук кур үчүн күч сынашкан. Беттештин төртүнчү раундунда Макгрегор муунтуу ыкмасынан улам атаандашына багынып берген.

Конор Instagram баракчасына "Мен кайтып келем!" деп жазды.

Ал эми Twitter тармагында "Мага реванш керек" деп билдирген.

​Буга чейин атаандашы Нурмагомедов дагы социалдык тармакка алгачкы ойлору менен бөлүшкөн.