Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңип алды!

Оюн төрт раунд менен жыйынтыкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону боюнча калды.

Беттеш Лас-Вегаста өттү. Нурмагомедов төртүнчү раундда Макгрегордун артынан өтүп муунтуу ыкмасын колдонду.   

Таймашты белгилүү рефери Хёрб Дин тескеди. 

1 / 6
Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Магкрегорду утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону боюнча калды
2 / 6
Беттеш Лас-Вегаста өттү
3 / 6
Нурмагомедов төртүнчү раундда Макгрегордун артынан өтүп муунтуу ыкмасын колдонду
4 / 6
Таймашты белгилүү рефери Хёрб Дин тескеди
5 / 6
Буга чейин Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген
6 / 6
Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.

Буга чейин Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген. Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.