Кулакчынды чеч, баланы карма! Бишкектин жолдорунда жазуулар пайда болот

Бул кадам жөө адамдардын катыштыгы менен болгон жол кырсыктарынын алдын алат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектин жолдорунда биринчи жолу жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болот. Бул тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолдорго бул жазуулар жазылат:

— "Баланы колдон чыгарбаңыз!";

— "Кулакчынды чечиңиз!";

— "Телефонго алаксыбаңыз!";

— "Өткөөлдүн коопсуздугуна ынаныңыз!".

"Коопсуз шаар" долбоору кимге табышталды: тендердин жеңүүчүсү тууралуу 5 факты
Мындай чакырыктар Чүй проспектисинин Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары, Турусбеков, Исанов, Тыныстанов, Шопоков, Гоголь көчөлөрү менен кесилишкен жана Чүй проспектисинин Чыгыш-5 кичирайонун аралап өткөн жерлерине жазылат.

Маалыматка караганда, бул кадам жөө адамдардын катыштыгы менен болгон жол кырсыктарынын алдын алат.