"Кыз Бурактын" экс-солисти дүйнөлүк сулуулук сынагына катышууда. Сүрөт

Баш байге үчүн 40 өлкөдөн келген бийкечтер ат салышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Кыз Бурак" тобунун мурдагы ырчысы Азалия Дүйшөналиева Малайзияда өтүп жаткан Miss Cosmopolitan World 2018 сулуулук сынагында Кыргызстандын намысын коргоодо. Бул тууралуу конкурстун расмий сайтында жарыяланды. 

Ушул аптанын башында Куала-Лумпур шаарында башталган сынак октябрь айынан ортосуна чейин уланмакчы.

Сынактын финалы 19-октябрь күнү болот.

Баш байге үчүн дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген сулуулар ат салышып жатат.

Дүйшөналиева өзүнүн Instagram баракчасында сынактагы жаңылыктар менен бөлүшүүдө.

Азыр Дүйшөналиева өз алдынча ырдап жүрөт. Төрт жыл мурда "Кыз Бурак" тобунда эмгектенчү.

Miss Cosmopolitan World сынагы Малайзияда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Былтыр анда индонезиялык сулуу биринчи орунду алган.