БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Даттануулар жана каршылык боюнча ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукциондо жеңип чыккан россиялык "Вега" радиокуруу концернин сынга алып, чечимди толугу менен жараксыз деп табууну талап кылууда.
Аталган комиссиянын бир нече беттен турган протоколу Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына келип түштү.
Эң негизгилерине токтолсок, даттануучулар "Веганын" "акыркы үч жылда жол кыймылынын эрежелерин видеокаттоого алуу боюнча иш тажрыйбасы көрсөтүлбөгөнүн" айтат. Ошондой эле "уткан компания негизги иш аткаруучу катары эки лотто көрсөтүлгөн 9 миллион долларга бааланган жумуштун жок дегенде 45 пайызын өзү аткарууга милдеттүү" экен.
Бирок "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниясы "билишибизче "Вега" концернинин буга чейинки иш тажрыйбасын тастыктачу документтери жок" деп жазган даттануусунда.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, мекеме көз карандысыз комиссиянын протоколу менен таанышып чыкты.
"Комиссиянын чечимин, андагы коюлган дооматтардын канчалык негиздүү экени такталып жатат. Мыйзамда каралган үч күндүн ичинде жооп беребиз", — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион өтүп, ага "Вега", "Альфа телеком" жана "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниялары катышкан. Жыйынтыгы 21-сенбярь күнү чыгып, жеңүүчү деп Россиянын "Вега" ишканасы табылган.
Даттануулар жана каршылыктар боюнча ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия 2018-жылдын 28-майында Финансы министрлигинин жарлыгы менен түзүлгөн. Бул комиссия ишенимсиз подрядчыларды маалымат базасына киргизүү менен дагы алектенет.