БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги №8 бейтапканадан ийне сайдырган 16 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
"Каргаша 1-сентябрда болгон. Окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болуп калган", — дешти милициядан.
Бул окуя Свердлов РИИБинде каттоого алынып, бардык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Толук маалыматты ШИИБ кийин бере туранын айтты.