Футбол дарбазасы басып калган бала. Иш сотко өттү

Каргаша 13-июнь күнү Бишкектеги футбол аянтчаларынын биринде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 11 жаштагы Алан Айсаевдин энеси Нестан Найзабекова уулунун өлүмү боюнча иш акыры сотко өткөнүн Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, каргаша 13-июнь күнү Бишкекте болгон. Баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап, алган жаракатынан өспүрүм ошол жерден каза тапкан

"Иш акыры сотко өттү. Процесс 9-октябрга дайындалды. Футбол аянтынын ээси келип "Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептегеним үчүн эмес, аянтча мага караштуу болгону үчүн келдим" деди", — деп жазды Исабекова.

Дарбаза басып калган баланын энеси: уулумдун акыркы мүнөттөрүн видеодон көрдүм
Бишкек ШИИБ иликтөө иштери 24-сентябрда аягына чыгып, Ленин райондук сотуна өткөрүлгөнүн тастыктады.

"Аянтты ижарага алып иштеткен Т.А. Кылмыш жаза кодексинин 258 (Коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (Өзүм билемдик) беренелери боюнча жоопко тартылууда. Эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынды", — дешти милициядан.

Кылмыш иши бала каза болгон күнү козголгон. Укук коргоо органдары тергөө иштери кошумча текшерүүдөн улам созулуп кеткенин түшүндүрүп беришти.