Депутат: Улуттук университеттин жылдык бюджети 1 млрд. сомду түзөт

Жамангулов салыштыруу иретинде Токмок шаарынын бир жылдык бюджети 148 миллион сомду түзөрүн белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Депутат Акылбек Жамангулов университеттердин бюджетин тыкыр иликтеп чыгуу керектигин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жаткан учурда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, университеттер көп акча тапканы менен билим берүүнүн сапаты жогорулаган жок. Мындан тышкары, мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнү же жаңы имараттардын салынганы байкалбайт.

"Улуттук университеттин бюджети 1 миллиард сом, Славян университетиники 500 миллион, Жалал-Абад мамлекекеттик университетиники 200 миллион, Ош мамлекеттик университетиники 1 миллиард сомдун айланасында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттики 200 миллион, Арабаев атындагы университеттики 205 миллион, Баткен мамлекеттик университетиники 700 миллион сомдун тегерегинде экен", — деди депутат.

Жамангулов салыштыруу иретинде Токмок шаарынын бир жылдык бюджети 148 миллион сомду түзөрүн белгиледи.

Кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалымат бербеген аткаминерлердин тизмеси чыкты
"Ушунча акчаны студенттерден чогултуп жаткандан кийин билим берүүнүн сапаты да жогорулашы керек, же ошол жерде иштеп жаткандардын айлыгы көтөрүлүп, же имараттар жаңыртылышы керек. Андай көрүнүш көпчүлүк ЖОЖдордо байкалбайт", — деди ал.

Депутат өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев менен билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага кайрылып, университеттердин акчасы кандай сарпталып жатканы боюнча иликтөө жүргүзүп, коррупциялык иштерди ачыкка чыгаруу керектигине токтолду.