Жүргүнчү аялды сөгүп, ага атырылган маршрутканын айдоочусу кармалды

Жаңжал салган айдоочу Москва райондук милиция бөлүмүндө кармалат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жүргүнчү аялга кол көтөрүп, сөккөн маршрутканын айдоочусу кармалганын Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Улгайган кишини чаап-тепкен киши тергөө абагына киргизилди
Билдирмеге караганда, учурда анын унаасы айып короого киргизилип жатат. Ал эми айдоочу Москва райондук милиция бөлүмүндө кармалат. Азырынча ал сурак бере элек.

Белгилей кетсек, Бишкек — Кара–Балтага каттаган №302 маршруткада болгон жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тараган. Кадрдан маршрутканын ичинде музыка катуу жаңырып, ошол эле учурда жаш балдардын ыйлап жатканын көрүүгө болот. Башында жүргүнчү аял менен айдоочу айтышып жаткан. Алардын урушу күч алып, айдоочу унаасын токтото калып сөгүнүп-сагынып, аялга кол көтөргөнгө чейин барганда жанындагы эркек кишилер кармап калган.