Жолдо депутат менен жөнөкөй жарандардын укугу бирдей. Бул тууралуу Иманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, унаанын айнеги 70 пайыздан аз жарык киргизсе мыйзам бузуу болуп эсептелет.
"Мыйзамда депутат болобу, башка жаран болобу баарынын укугу бирдей. Жол эрежесин бузган учурда да, эл өкүлдөрүнө же башка бир жогорку кызматтагыларга эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Унаанын айнегин караңгылатуу боюнча деле ушундай. Өкмөттүн токтому менен белгиленген транспортторго гана уруксат берилген. Ал эми депутаттын унаасы жеке өзүнүкү болгондуктан, бул тизмеге кирбейт. Биздин кызматкерлер Икрамовдун айдоочусу айнеги караңгылатылган унаада баратканын көрүп токтотушкан. Депутат өзү ал жерде болгон эмес, бирок анын жасаганы мыйзамга туура келбейт. Себеби эгер унаа айнеги жарыкты 70 пайыздан аз киргизсе, кандай гана түрү болбосун мыйзам менен тыюу салынат. Демек заводдон ошондой чыкканбы же кийин караңгылатылганбы, айтор, баары бир мыйзам бузуу катары кабыл алынат", — деди Саркулов.
Белгилей кетсек, 20-сентябрь күнү Бишкектин чок ортосунда Lexus LX 570 (мамлекеттик номери 02KG 570 AAA) унаасынын айдоочусу менен жол инспекторунун ортосунда пикир келишпестик чыккан. Окуяга күбө болгон Sputnik агенттигинин кабарчысына айдоочу тап берип, телефонун тартып алууга аракет кылган. Ошол эле маалда айдоочу жол инспекторлоруна атырылып, бирөөнү жулкулдаткан.