Бишкектеги Лермонтов көчөсүнүн оңдоодон кийинки сүрөтү

Лермонтов көчөсү беш ай бою оңдолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкектеги Лермонтов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыгы оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Лермонтов көчөсү беш ай бою оңдолгон.

1 / 2
Бишкектеги Лермонтов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыгы оңдоодон кийин ачылды.
2 / 2
Лермонтов көчөсү беш ай бою оңдолгон.

"Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуу долбоорунун алкагында аталган көчөнүн асфальты жаңыртылып, тротуарлар менен арыктар оңдолду. Ошондой эле газ куурлары менен жылуулук куурлары да алмаштырылды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Лермонтов көчөсү автоунаа үчүн толугу менен ачык.