ОШ, 2-окт. – Sputnik. Өзгөн районунун Куршаб айылында 40-45 жаштар чамасындагы аялды коюп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя 1-октябрда саат 22:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 632-чакырымында болгон.
Өзгөн РИИБи менен Ош облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери шектүү айдоочуну колго түшүрдү.
Ал Toyota Harrier унаасын башкарып жүргөн Өзгөн районунун 47 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда райондук сот анын баш коргоо чарасын карап жатат. Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Өзгөн РИИБи тергөө амалдарын баштады.
Ал эми маркумдун сөөгү Өзгөн шаарындагы өлүкканага жеткирилген.