БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркестан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулоо үчүн чогулган миллиардер ишкерлерге шаарда облустук маанидеги заманбап бирден имарат курууну милдеттендирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Назарбаев ким кандай имарат сала турганын унутбаш үчүн жазып да алган.
Кимдер эмне салып берет?
"Базис-А" курулуш компаниясынын жетекчиси Александр Белович театр салып берем деп сөз берди. ERG компаниясынын жетекчилеринин бири миллиардер Патох Шодиев түрк элдеринин музейин куруп берерин айтты. "КазМунайГаз" компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы Сауат Мынбаевге заманбап стадион куруп берүү милдеттендирилди. BI Group холдингинин башчысы Айдын Рахимбаев казак хандарынын, бийлеринен жана баатырларынын борборун салып берүүгө сөз берди. "Хайвилл Казакстан" курулуш компаниясы Түркестанга заманбап турак-жай комплексин белек кыла турган болду. "Қазақстан темір жолы" улуттук компаниясына Жаштар ордосун салып берүү милдеттендирилди. KEGOC акционердик коому Ахмед Ясавинин чакан музейин куруп берет. Стол тенниси федерациясынын башкы катчысы Данияр Абылгазин суу спорту комплексин салып берүүгө милдеттеме алды. Курамына Astana Motors менен Mega Development компаниялары кирген Astana Group холдингинин ээси Нурлан Смагулов автосалон ачып бере турган болду.
Түркестан шаары облустук маанидеги макамын 2018-жылы 19-июнда алган.