Бишкекте бусик милиция кызматкерин коюп кетти. Сүрөт

Башка милиция кызматкерлеринин айтымында, маршрутка сүзгөндө инспектор 10 метрдей учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектин борборунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу микроавтобус Бишкек ШИИБ ЖКККБдин инспекторун коюп кетти. Бул тууралуу окуя болгон жерден Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

1 / 3
Бишкектин борборунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу микроавтобус Бишкек ШИИБ ЖКККБдин инспекторун коюп кетти
2 / 3
Ага ылайык, жол кырсыгы саат 9:10дор чамасында Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде болгон
3 / 3
Жабыркаган адамдын шеригинин айтымында, инспектор окуучуларды жөө кишилер өтө турчу жерден өткөрүү үчүн айдоочуларды токтотуу үчүн жолго чыккан.

Ага ылайык, жол кырсыгы саат 9:10дор чамасында Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Өзгөндө унаасы өрттөнүп каза болгон айдоочунун тек-жайы такталды
Жабыркаган адамдын шеригинин айтымында, инспектор окуучуларды жөө кишилер өтө турчу жерден өткөрүү үчүн айдоочуларды токтотуу үчүн жолго чыккан.

Инспектордун шеригинин айтымында, маршрутка какканда ал 10 метрдей учуп кеткен.

Айдоочу болсо башка тарапты карап алаксып кеткендиктен инспекторду көрбөй калганын билдирди. Ал эми кичи автобустун маңдайкы айнеги сынып, алды мырыйып кеткен.

Дарыгерлердин айтымында, инспектордун бели сынып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда.