Окумуштуулар бактысыз балалыктын кесепети кандай болорун аныкташты

Кандайдыр бир жыйынтыкка келүү үчүн адистер 20 миң адамдын таржымалын иликтеп көрүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Чехиялык окумуштуулар бактысыз, өтө жакыр турмушта өскөн балалык адамдын келечегине терс таасирин тийгизе турганын аныкташты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Окумуштуулар гаджет баланын окуусуна кандай таасир этерин айтышты
Адистер Европада жашы 70тен өткөн 20 миң кишини маалыматты кабыл алуу, эске тутуу, анализдөө жана сөз байлыгы боюнча атайын тесттен өткөргөн.

Жыйынтыгында бала кезинде өтө жакыр, жетишпеген үй-бүлөдө, же ата-энесиз өскөн 844 киши эң төмөн упай алышкан. Мындан улам окутуштуулар бала кезинен оор турмушта өскөндөр кийин акылынан эрте ажыроо коркунучуна кабылат деген бүтүмгө келишти.