Апта ирмеми: "Үрөй учурган түндөн" тарта океанда атылган жанар тоого чейин

Sputnik

Индонезиянын Сулавеси аралында эки жолу катуу жер титиреп, анын кесепетинен Палу шаары эки метрлик цунаминин алдында калды. Каза болгондордун саны 1200 кишиден ашты.

Дээрлик бир кылым мурда издөөгө алынган кылмышкерлердин сүрөтү
Кыргызстанда КМШга мүчө мамлекеттердин "Ысык-Көл антитеррор — 2018" аттуу машыгуусу өттү.

Кытай эл республикасынын түптөлгөн күнүн утурлай Хэнань провинциясында чили кызыл калемпиринин чоң желек жасалды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-дебаттарына катышты.

Никарагуанын Манагуа шаарында өлкө президенти Даниэль Ортегиге каршы каршылык акциясы өттү.

Инди океанында Анак Кракатау жанар тоосу атылууда.

1 / 18
Кыргызстанда 25-26-сентябрда КМШга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин "Ысык-Көл антитеррор — 2018" аттуу машыгуусу өттү
2 / 18
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-жыйынына катышты. Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту.
3 / 18
Лондондун Ричмонд-паркындагы бугу
4 / 18
Палестиналык курсанттар Газа секторундагы полиция колледжинде машыгууда
5 / 18
Бишкекте жаңы салынган Аль-Сарахсий атындагы республикалык мечиттин асмандан көрүнүшү
6 / 18
Москвадагы зоопарктагы сүлөөсүндүн мышыгы
7 / 18
Hamleys оюнчуктарынын жаңы коллекциясы Лондондо көрсөтүлдү
8 / 18
Балдардын кылмыштуулугунун алдын алууга арналган иш чара Каражыгач токоюнда өтүп, ага ондогон мектептин окуучулары катышты
9 / 18
Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ президенти Дональд Трамп менен Нью-Йорк шаарында жолукту
10 / 18
Сингапурдун Юниверсал паркындагы "Үрөй учурган түн" иш чарасынын катышуучусу
11 / 18
Индонезияда жума күнү эки ирет жер титиреп, Палу шаарын эки метрлик цунами каптады. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 1200дөн ашты.
12 / 18
Мумбайда (Индия) өткөн Ганеши фестивалынын катышуучулары
13 / 18
Чили калемпиринен жасалган Кытайдын желеги
14 / 18
Инди океанында Анак Кракатау жанар тоосу атылууда
15 / 18
Никарагуада президент Даниэль Ортегиге каршы чыккандарды полиция таратты
16 / 18
Кытайдын Жуньшунь автономдуу уездинде элдик майрам өттү
17 / 18
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путин КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынында Душанбе шаарында жолукту
18 / 18
Парижде жаныбарларга аяр мамиле кылууну талап кылгандар акцияга чыгышты