Казакстанда 223 метр шишкебек жасалып дүйнөлүк рекорд коюлду. Видео

Эң узун шишкебекти жасоо үчүн 420 килограмм тоок эти керектелген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Казакстандын Акмоло облусунда дүйнөдөгү эң узун шашлык жасалып Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык облустун борбордук аянтында жайгашкан "Макински" тоок фабрикасынын ачылышына карата өзгөчө акция уюштурулган.

"Жаңы ачылган фабриканын 200 кызматкери дүйнөдөгү эң узун шишкебекти бышырды. Аны жасоо үчүн өзгөчө рецепт менен атайын даярдалган 420 килограмм тоок эти керектелди. Ал эми шишкебекти бышыруу үчүн атайын мангалды Кокшетаудан жасап келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Тамактын жасалышына байкоо салуу үчүн Гиннесттин рокорддор китебинин расмий өкүлү чакырылган. Ал даярдалган шишкебектин узундугу 223 метр 65 сантиметрге жетти деп каттаганы кабараланды.

Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер
Муну менен 2007-жылы Сингапурдан жасалган 140 метрлик шишкебектен ашып өтүп казакстандык ашпозчулардын эмгеги рекорд койгону белгиленет. Узун шишкебек келген конокторго акысыз таратылган.

Эсткерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкекте дагы 1464 килограмм бешбармак жасалып Гиннестин рекорддор китебине кирген. Ага кошо 117 метрлик чучук да даярдалып, бирок рекордго талапкер катары жөнөтүлгөн эмес.